КЫЗЫМДАЙ ЖЫТТАНЫП ЖАТАСЫҢ

Жаш аял Беатриса зор азаптын чеңгээлинде. Ал 2016-жылдын 14-июлунда Ниццадагы ИШИМдин (ИГИЛ) кол салуусунда үй-бүлөсүн жоготкон болчу. Үй-бүлөсүн жоготуу кайгысына туруштук берүүгө аракет кылган бул айым атасынын осуятын аткарууну чечет. Ошентип осуят боюнча үй-бүлөсүнүн сөөгүн көп жылдар мурун көчүп кеткен Антакья Вакыфлы армян айылына жеткирүү үчүн жолго чыгат. Антакьяга жетип Самандагдагы мейманканада жайгашкан Беатриса ушул жерден өзү сыяктуу кандуу уюмдан жапа чеккен сириялык Хеви жана каникулда өз шаарына келген Ибрахим менен таанышат. Бири-биринин жашоосуна аралашкан Беатриса, Хеви жана Ибрахим араларындагы бирөөсүнүн дайынсыз жоголгон жакынын табуу үчүн бирге аракетке өтүшөт.

Режиссер:

Олгун Өздемир

Актерлор:

Клеманс Верняу

Чаглар Эртугрул

Йылшен Өздемир

Шериф Сезер

Толга Гүлеч

Эсин Живангил

Дениз Арна

Семих Гүлжүоглу

Сценарий: Олгун Өздемир

Продюсер: Олгун Өздемир, Рон Карр, Марк Брюне

Композитор: Онур Тарчын

Жанры: Үй-бүлөлүк, драма

Тартылган жылы: 2019

Убактысы: 116 мүнөт

Көрсөтүү күндөрү: