ТИЛСИЗ

Кичинекей үй чатырында жалгыз жашаган Сами дубалга сүрөт тартуу менен жан бакчу. Күндөрдүн биринде аны өтө жакшы көргөн чоң энесинин каза болгонун жана ага бир сандык мурас калтырганын угат. Сандыкта каллиграфияга таандык буюмдар бар эле. Сами башында сандыктагы буюмдарга анчалык көңүл бурбайт. Ал тургай ыргытып жиберүүнү да ойлойт. Бирок дубалга сүрөт тартуу үчүн барган китепканада таанышкан Селма аттуу айым ал үчүн жашоосундагы чоң бурулушка себеп болот. Селма мурда каллиграфия менен алектенген, Стамбулдук айымдарга таандык жүрүм-туруму менен көңүл бурган татынакай жана ажарлуу айым. Селманын багыттоосу менен каллиграфиялык чиймелерге кадам таштайт. Бир жагынан каллиграфия өнөрүнүн азыркы абалына жаны кейиген, көптөн бери шакирт күтпөгөн, улуу муундун таланттуу жана катаал каллиграфия өкүлү Эшреф Мырза тарабынан окууга айланат. Селма менен Эшреш Мырзанын ортосунда калган Сами үчүн чийме өнөрү эс тутум менен айыгышкан оор абалга айланат жана олуттуу суроону күн тартибине коет: Сүйүү болбой туруп чийүү болобу?

Режиссер:

Мурат Пай

Актерлор:

Вилдан Атасевер

Озан Челик

Мим Кемал Өке

Эмин Гүрсой

Гөркем Йелтан

Кутай Сандыкчы

Илхан Гөрмек

Себахаттин Якуп

Сценарий: Мурат Пай, Селман Кылычаслан

Продюсер: Исмаил Мурта Эрдагы

Композитор: Али Саран

Жанры: Үй-бүлөлүк, драма

Тартылган жылы: 2019

Убактысы: 95 мүнөт