жөнүндө

IV Түрк Фильмдери Жумалыгы – Бишкек

Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министрлигинин алдындагы киноматография департаментинин колдоосу менен «Йерли Дүшүнже» ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жаткан «IV Түрк Фильмдери Жумалыгы – Бишкек» саамалыгы 2020 жылдын 18-22-декабрь күндөрү дүйнөнү каптаган COVID-19 себебине байланыштуу интернет аркылуу он-лайн көрсөтүлөт.

Бул саамалыктын алкагында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын депутаты жана «Йерли Дүшүнже» ассоциациясынын президенти Метин Гүндогду, кино искусствосунун өкүлдөрү жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусу менен 2020-жылдын 18-декабрында  «IV Түрк Фильмдери Жумалыгы – Бишкек» саамалыгынын гала ачылышы www.turkfilmlerihaftasi.com дарегинен он-лайн көрсөтүү Мурат Пай режиссерлук кылган «Тилсиз» кинотасмасы менен башталат.

Кыргызстан жана Туркия боордош өлкөлөрүнүн ортосунда кинонун күчүнө негизделген дагы бир көпүрө курууну максат кылган түрк фильмдери жумалыгы кесипкөй режиссерлордун сыйлыкка татыган эмгектери менен бирге, кино сүйүүчүлөрүнүн көңүл борборунда болгон популярдуу кино тасмалары көрүүчүлөргө тартууланат. Ири масштабдагы уюшулган долбоор аркылуу түрк киносуна сереп салууга «панорамалык»  мүмкүнчүлүк жаратат.

2020-жылдын 18-22-декабрь күндөрү уюштурулуп жаткан «Түрк Фильмдери Жумалыгы – Бишкек» саамалыгында; «Тилсиз», «Кызымдай жыттанып жатасың», «Кумурска», «Энем» жана «Рафадан Тайфа» (анимациялык) фильмдери кино сүйүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт. Өзгөчө бул жумалыктын алкагында кино көрсөтүүлөрдөн кийин искусство адамдары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда он-лайн жолугушуу жана  аңгемелешүү болот.

Көрсөтүлө турган фильмдер:

  1. «Тилсиз» (95 мүнөт);
  2. «Кызымдай жыттанып жатасың» (96 мүнөт)
  3. «Энем» (109 мүнөт);
  4. «Кумурска» (116 мүнөт);
  5. «Рафадан Тайфа» (анимациялык) фильми (89 мүнөт).